Туристтерди тартуу максатында “Ачык Ысык-Көл-2013” фестивалы телеберүү аркылуу дүйнө жүзүнө чагылдырылат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти. Алардын айтымында, фестивалды спутник аркылуу Европадан баштап Австралияга чейин, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө көрүүгө болот. “Биз фестивалды жогорку деңгээлде уюштуруп, жыл сайын өткөрүп турууну каалайбыз”,- дейт уюштуруучулар. Эске салсак, 14-16-июнь күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында “Ачык Ысык-Көл-2013” фестивалы болуп өткөн.