"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Көчөнүн ортосунда болгон уят иш" деген аталыштагы видео жүктөлгөн.
Видеодон көчөнүн ортосунда эркектин аял менен жыныстык катнашка баргандай кыймыл аракетин көрүүгө болот. Аны унаада бара жаткан жүргүнчүлөр тартып алышкан. Видеодо жүргүнчүлөрдүн күлкүлөрү, "Ош базары" деп койбойсуңбу" деп сүйлөгөндөрү да угулат.
Интернетте талкуу жараткан видеону көргөндөрдүн көпчүлүгү видеого тарткандарга нааразы болушкан пикирлерин калтырышкан. Айрымдары милиция кызматкерлери бул ишти иликтөөгө алышы керектигин айтышса, кээ бирлери видеого тарткандардын маданиятына да сын-пикирлерин айтышкан.
Колдонуучулар калтырган билдирүүлөрдүн арасында: "Мас болуп же эс учун жоготуп жаткан кыз менен жыныстык катнашка барып жатат. Бул эркекти тыйып койгондун ордуна видеого тартып, күлүштү", - дегендер көп.