Ош шаарында адашып кеткен баланын ата-энеси изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бала бүгүн, 21-мартта эртең менен Ош шаарынын Калинин көчөсүндөгү эски тетиктер сатылган базардын жанынан адашып кетип жалгыз жүргөн жеринен табылган. Анын ата-энесин издөө аракеттеринен азырынча майнап чыга элек", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.