Кубакы ашуусундагы жол кырсыгынан эки аял каза болуп, 11 айлык наристе жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

Бишкек-Торугарт жолунун Кубакы ашуусунда жол кырсыгы катталып, 2 аял каза болуп, 11 айлык наристе ооруканага жаткырылды. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматынан билдиришти.

Окуя 20-март күнү Бишкек-Торугарт жолунда болгон. Анда каршылаш жолдо келе жаткан Toyota Caldina жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, жол кырсыгы катталган.

"Mercedes-Benz унаасын 19 жаштагы Б.С. башкарып Кочкор районунан Бишкек шаарын көздөй бара жаткан. Унаанын ичиндеги С.Б. аттуу 26 жаштагы жаран жана айдоочунун энеси А.М. кырсыктан улам окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми унаадагы 11 айлык наристе алган жаракаттарынан улам Кочкор райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми Toyota Caldina унаасы Нарын шаарына бара жаткан. Унаа 51 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.Х.нын башкаруусунда болгон. Унаанын ичинде бара жаткан 39 жаштагы А.Г. алган жаракаттарынан улам Кочкор райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми унаадагы дагы 3 жүргүнчүгө жана эки айдоочуга кырсык болгон жерден биринчи жардам көрсөтүлгөн", - деп билдирет аталган башкармалык.

Бул жол кырсыгындагы чогултулган иш кагаздар Кочкор РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
King_239622
2018-03-22 10:34:46
Самат иним жаткан жерлери жайлуу болсун... Не дейм кырсык экен... Мандайга жазганды көрөт экенбиз... Апаң жакшы адам болчу. Сабыр кыл
0
nuri1
2018-03-22 12:51:11
Кырсык жалгыз келбейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан