"Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев 27 студенттен 14 миң доллар алган факт тергөөнүн жүрүшүндө аныкталды", - деп 22-мартта SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Кыргыз-Орус Славян университетине 27 абитуриентти мыйзамсыз түрдө окууга киргизгендиги үчүн "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. "Тергөө аягына чыгып, сотко өткөрүү үчүн материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү", - деп билдирди УКМКдан.
Эске салсак, 17-мартта мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев өзүнө карата 2014-жылы кылмыш иши козголуп, кайра жабылган иш боюнча УКМКга чакырылып, барып келгенин билдирген.