Франциянын экс-президенти Николя Саркозиге айыбы угузулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коррупцияга каршы полициянын офицерлери мурунку өлкө башчысы Николя Саркози 2007-жылдагы президенттик шайлоо учурунда өз шайлоо кампаниясын мыйзамсыз түрдө каржылаган жана Ливиядан жашыруун акча алып турган деп билдиришкен.
Саркози 20-мартта камакка алынган, бирок кийин үй камагына бошотулган.
Эске салсак, Николя Саркозинин шайлоо учурундагы үгүт иштерине Ливия бийлиги каржылык көмөк көрсөткөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш иши козголуп, кийин бул иш токтотулган. Иш кайра ачылып, 2018-жылдын 20-март күнү Саркози суракка чакыртылып, камакка алынган.