ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Кара-Көл шаардык ооруканасындагы гинекология бөлүмүнө кол кап акысыз деп жазып коюшкан. Бирок андай эмес"
Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаардык ооруканасынын гинекология бөлүмүндө "кол кап акысыз" деп жазып коюшкан. Бирок иш жүзүндө андай эмес. Мындай билдирүүнү окурман "Элдик кабар" рубрикасына маалымдап, кол капты дарыгерлер келген бейтаптардан талап кылганын айтты.
"Мен бүгүн, 22-мартта дарыгер-гинекологго көрүнүү үчүн келгем. Сыртта кол кап акысыз деп жазылганын көргөм. Бирок киргенден кийин гинеколог мага кол кап алып келүүмдү айтып, сыртка чыгып кетти. Бирок менде акча жок болчу, медайымга абалымды айтсам "Азыр карап көрөйүн деп, мага кол кап берип, акыркысы калыптыр" деди. Кийин башка бөлмөгө кирип 1 куту кол капты көрдүм", - деп жазган ал.
Ошондой эле окурман бул ооруканада каттоодо экенин, мындай көрүнүштөр көзөмөлдүн жоктугунан улам болот деп белгилеген.
"Мындан тышкары, аталган бөлүм эртең менен саат 08:00дөн 17:00гө чейин иштей тургандыгы жазылган, бирок саат 16:00дөн кийин дарыгерлерди таппайсың", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.