Бүгүн, 17-июнда камактагы “ата журтчу” депутаттардын кезектеги сот отуруму болууда. Анда соттук иликтөө жандандырылганына байланыштуу коомдук жактоочу Азимбек Бекназаров күбө катары 2 кишини чакырууну суранды. “Президент Алмазбек Атамбаев жана депутат Өмүрбек Текебаев буга чейин 2012-жылдын 3-октябрында болгон митингге Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдордун түздөн-түз күнөөлүү экенин айтып келишкен. Ошол сөздөрүн ушул залга келип айтышсын”,- деди “ата журтчу” депутаттардын жактоочусу Бекназаров.