АКШ президенти Дональд Трамп Кытайга каршы чектөөлөрдү киргизген жарлыкка кол койду. Анын ичинде Кытайдан келүүчү 60 миллиард долларлык көлөмдөгү бардык товарларга жана Кытай инвестицияларына бажы төлөмдөрүн киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШ расмий Пекинден соода дефицитин тез арада 100 миллиард долларга кыскартууну талап кылууда. Президент учурда соода дефициттин көлөмү 450 миллиард доллар экенин айткан. "Дефициттин өсүшү эки тараптуу соода мамиледеги негизги көйгөй" деп билдирген Трамп. Президенттик администрация инвестициялардын көлөмүн кыскартуунун себебин, учурдагы эки тараптуу түзүлгөн ишканалар кытайлыктарга АКШнын мүлктөрүн өздөштүрүп алууга жол бериши менен байланыштырган.
Трамп АКШдагы соода өкүлүнө кайрылып, 15 күн убакыттын ичинде жаңы бажы төлөмдөрү менен Кытайдан келүүчү товарлардын тизмегин түзүүнү тапшырды. Мындан тышкары соода өкүлүнө Пекинге карата лицензия берүү боюнча доо коюп, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылууну да милдеттендирди.
Пекин АКШнын айыптоолорун четке кагып, Трампты эмоцияга алдырбоого чакырган.