ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитети “Манас” аэропортундагы АКШнын Жүк ташуучу транзиттик борбору боюнча келишимди денонсациялоо тууралуу мыйзам долбоорун колдоду. Мындай чечим бүгүн, 17-июнда аталган комитеттин жабык эшик артында өткөн жыйынында кабыл алынды. Аталган мыйзам долбоору 19-июнда жалпы жыйында каралмакчы.