Ата-энесин, жакын адамдарын кароодон баш тарткан жарандарды эркинен ажыратуу сунушталды. Кылмыш-жаза кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов демилге кылып, ал коомдук талкууга коюлду.
Демилгечи бүгүнкү күндө эмгекке жарамдуу жарандар, камкордукка муктаж болгон ата-эне, жакын туугандарын карылар үйүнө таштап салган окуялар көп болуп жатканын билдирген.
Мындан улам жашы жеткен, эмгекке жарамдуу балдар жүйөлүү себепсиз бир жылдын ичинде үч айдан ашык соттун чечими боюнча эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерин кароого каражат төлөөдөн баш тартса, III категориядагы түзөтүү иштерине же IV категориядагы айып пулга тартылат. Ушул эле жарандарды тийиштүү кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга же эки жылга чейинки мөөнөткө тийиштүү иш менен алектенүүдөн ажыратууга жана I категориядагы айып пулга жазаланышы мүмкүн.
I категориядагы эркиндигинен ажыратуунун мөөнөтү - 2 жыл алты ай. IV категориядагы айып пулдун көлөмү 180 миң сомдон 220 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.
Мыйзамдын негиздемесинде мындай тажрыйба коңшу Тажикстанда иштеп жатканы айтылат.
"Тажикстанда ата-энесин багуудан качкандар үчүн кылмыш жазасы каралган. Ага ылайык, Тажикстан мамлекетинин Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесине ылайык жүз жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейин мажбур жумуштары менен же эки жылдык түзөтүү жумуш иштери менен жазаланат. Жогоруда белгилеп кеткен берене Тажикстан мамлекетинде жакшы таасир этип, элдин моралдык жана рухий дүйнөсүн жогорулатып жатканы анык", - деп жазылат негиздемеде.
Эгер мыйзам коомдук талкуудан өтүп, Жогорку Кеңеш кабыл алса бул 2019-жылдан тартып ишке кириши күтүлөт.