Президенттин алдындагы бардык кызматтарга май айында 67 миллион 959 миң сом коротулган. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Каржы министри Ольга Лаврова ЖКнын тармактык комитеттинин жыйынында билдирди. Анын билдирүүсүнө караганда, Президенттик аппарат өткөн айда 7 миллион 93 миң коротуп, анын ичинен 5 миллион 479 миңи айлык акыга, башка чыгымдарга 1 миллион 25 миң сом сарптаган. Аппараттын чарбалык иштерине 1 миллион 72 миң сом бөлүнгөн. Өлкө башчынын иш башкаруу бөлүмүнө Каржы министрлиги 42 миллион 13 миң сом бөлгөн. Анын ичинен 15 миллион 537 миңи айлык акыга, 12 миллион 281 миңи унааларга жана жабдууларга, 5 миллион 106 миңи башка чыгымдарга сарпталган. Ал эми президенттин иш башкаруу бөлүмү Каржы министрлигинен дарылоо бирикмесине 13 миллион 255 миң сом, резервдик фондуна 1 миллион 467 миң сом алган.