Азия чемпиону Акжол Махмудовго 2 бөлмөлүү батирге сертификат тапшырылды. Бул тууралуу окурман бүгүн SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Бүгүн Ош шаарында болуп жаткан Чемпион менен жолугушуу учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров Орто Азиянын чемпиону, кадеттер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону Акжол Маxмудовго 2 бөлмөлүү батир белекке берди", - деп жазган окурман.
Ошондой эле иш-чарага ИИМдин экс-министри, Эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев жана балбанды колдоп келген Ош шаарынын тургундары катышканын окурман кошумчалаган.
Эскерте кетсек, 28-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Акжол Махмудов алтын медалды жеңип алган.
Азия чемпиондугун багындырган балбандар Акжол Махмудов жана Муслим Евлоевге Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясы 2 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.