Өткөн суткада өлкөдө 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 4, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Кечээ, 23-мартта Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарында 4 павильон өрттөндү. Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан улам келип чыккан.