Кул болуп сатылуудан, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жардам көрсөткөн жападан жалгыз акысыз кызмат көрсөтүүчү Бишкектеги “Сезим” кризистик борбору жабылуу коркунучу астында. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда шаардык кеңештин депутаттары билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин кризистик борбордун кеңсеси мэрияга тиешелүү имаратта болуп келген жана анын ижара акысы 2011-жылга чейин жок болгон. Бул шарт өзгөртүлүп, 2012-жылы акынын 50 пайызын төлөшү керек болгон. Бүгүнкү күндө ал 100 миң сомду түзүп калган. “Сезим" бир гана психологиялык жардамга муктаждарга эмес, балдары менен жашаган жери жок болгон аялдарга да көмөк көрсөтчү”,- дейт эл өкүлдөрү. Бул маселени шаардык кеңештин депутаттары жакынкы жыйында кароону пландап жатышат. Борбор чет өлкөдөн келген гранттык жардамдын негизинде жабырлануучуларга акысыз иш алып барат.