ЖЫЛНААМА, 24-МАРТ: Кичинесинде көзүнөн айрылып кала жаздаган шоумен Александр Буйнов 68 жашка толду

Орусиянын Эл артисти, ырчы, актёр, музыкант, композитор, шоумен Александр Буйнов Москва шаарында 1950-жылы 24-мартта жарык дүйнөгө келген. Атасы аскер учкучу жана спорт чебери болсо, апасы музыкант болгон. Александр 3 эркек бир тууган.

Апасы уулдарынын баары музыкант болушун каалап, 3 уулун тең мектептен кийин музыкалык мектепте билим алышына шарт түзүп берген. Уулдарынын ичинен музыкага эң жакыны Александр болгон.

Бир туугандар өтө тентек болушкан. Алар эч качан бош болушкан эмес. Ар нерсе ойлоп таап, дайыма жаңычылдык киргизүүнү каалашчу. Бир жолу жардыргыч да ойлоп табышкан. Кадимки оюндардын биринде Александр көзүнөн да айрылып кала жаздаган. Өспүрүмдөр колго жардыргыч жасап, качан жарылат деп күтүп отурушканда болочок ырчы чыдабай кетип караганы жанына барганда жарылып кеткен. Ошондон тарта көпчүлүк учурда көз айнек тагынууга өткөн.

1960-жылы болочок ырчы 7 жыл окуган музыкалык мектепти аяктаган.

Дароо ырчы болом деген кыялы ишке ашпаган Александр аскер кызматын өтөгөн. Аскер кызматын өтөө учурунда дагы музыкага болгон сүйүүсү өчпөй, дайыма ырдоо менен алектенген.

Алгач "Гүлдөр", "Шайыр балдар" ансамблдеринде музыкант, ырчы болуп иштеп, 1989-жылдан тарта жеке ырчылык менен алектене баштаган.

Анын аткаруусундагы белгилүү чыгармалардын катарына "Эки жашоо" ("Две жизни"), "Жалбырактар түшөт" ("Падают листья"), "Бош бамбук" ("Пустой бамбук"), "Ачуу бал" ("Горький мёд"), "Эй, досум" ("Эй,друг"), "Тост", "Парижде түн" ("В Париже ночь"), "Спецназ" жана башкалар кирет.

2010-жылы Орусиянын, 2004-жылы Ингушетиянын Эл артисти наамдарына ээ болгон. Учурда өзү негиздеген "Чао" тобу менен ырдайт. 2011-жылы рак илдетине кабылганы маалым болгон. Мындан улам ага операция жасалып, ырчынын ден соолугу калыбына келген.
Буйнов 3 ирет үйлөнгөн. Биринчи жубайы Любовь Вдовина менен 1970-1972-жылдары, экинчиси Людмила аттуу айым менен 1972-1985-жылдары жашаган. 1985-жылдан бери үчүнчү жубайы продюсер, косметолог Елене Гутман менен түтүн булатып келет. Ырчынын экинчи жубайынан Юлия (1973) аттуу кызы, андан сырткары никесиз төрөлгөн Алексей (1987) деген уулу бар.
24-мартка карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан