Футбол боюнча улуттук курама команда Бишкек шаарына кайтып келди. Алар эртеңден баштап Индия менен болуучу беттешке даярдык көрө баштайт.
Ал эми кураманын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин тайпадан биринчи орун менен чыгарына ишенип турганын айтты.
"Биринчи кезекте бүткүл Кыргыз өлкөсүн жеңиш менен куттуктайм. Кийинки беттешке даярдык жакшы, биз тайпадан биринчи болуп чыгабыз деп турабыз. Бардык күйөрмандарды 27-мартта оюндан күтөбүз", - дейт Крестинин.
Ал эми курама үчүн алгачкы жолу гол киргизген Ислам Шамшиев менен Бекжан Сагынбаев кийинки оюндарда да гол киргизүүгө бар күчүн жумшай турганын билдиришти. Мындан сырткары, команданын капитаны Азамат Байматов буга чейинки эки аракетте Азия биринчилигине өтө албай калганын айтып, 2019-жылы орун алчу чемпиондукта татыктуу оюн көрсөтөрүн айтты.
Белгилей кетсек, Кыргыз курама командасы Мьянманы 5:1 эсебинде жеңип алган. Антон Землянухин атаандашынын дарбазасына 2 гол киргизип, беттештин мыкты оюнчусу аталган. Ошондой эле бул беттеште Ислам Шамшиев, Виталий Люкс жана Бекжан Сагынбаев бирден гол киргизишкен.