Легендарлуу "Биз" тобунун жетекчиси, ырчы Бактияр Токторов 1970-жылы 25-мартта Лейлектин Коммунизм айылында туулган. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланыштык.
"Тааныштар, туугандар, кесиптештер туулган күнүмдү куттуктап телефон чалып жатышат. Баарына рахмат. Мен үчүн туулган күн кадимки эле күндөрдөй өтөт. Өзгөчө шаан-шөкөт кылып майрамдабайм деле", - дейт ырчы.