ЖЫЛНААМА, 25-МАРТ: 10 жыл мурун манасчы Каба Атабеков каза болгон

Манасчы Каба Атабеков Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылында мындан 10 жыл мурун 2008-жылы 25-мартта каза болгон.

Бугунун кыдык уруусунан чыккан Атабек уулу Каба Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылында 1924-жылы октябрь айында туулган. Ал бардык жаратман манасчыларга таандык болгондой эле кереметтүү түш көрүү аркылуу "Манас" айтып калган. 12-13 жаш курагында үйдө жатып түш көрөт. Түшүнө Бакай, Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Ажыбай кирип, "мына бул насипти алып жегин! Жебесең атка сүйрөтүп, алып кетем!" - деп, алты баатырдын алдыңкы катарында турган карыя буйрук берет. Ошентип түш көрүп жатканда баласынын кыйналып жатканын көрүп, энеси ойготуп жиберет. Ошондон кийин өспүрүм тилден калып, оозуна наар албай үч күн бою жатып калат. Жарым ай өтпөй, уй кайтарып жүргөн жеринен болочок манасчыга дүңгүрөгөн добуш угулат. Башына туулга, үстүнө зоот кийген беш баатырды баштаган аксакал карыя Кабаны суунун аркы өйүзүндөгү чоң таштын үстүнө отургузуп коюп: "Эми балам, баягы биз койгон талапты аткарып, билгениңди айт!" - деп буйрук берип, көздөн кайым болушат. Ошондон тарта манас айтып калган.
Каба Атабековдун "Манас" айтуучулук өнөрү Саякбай Карала уулу менен Чокмор уулу Мамбеттин стилине үндөшүп кетет. Анткени анын өнөрүнүн калыптанышына түздөн-түз бул эки манасчынын таасири болгон. Ал кийинки жылдардагы "Манас" эпосунун, манасчылык өнөрүнүн салттуулугун сактап келген манасчылардын бири болгон.

25-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан