Жайыттарды пайдалануунун эрежелерин бузгандарга айып пулдарды жогорулатуу демилгеленүүдө

"КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору бүгүн, 17-июнда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралды. Мыйзамды комитет отурумуна демилгечи депутат Эсенгул Исаков алып чыкты. Демилгечинин айтымында, административдик аракет чараларын колдонуу татаалдыгы жана анчалык чоң эмес көлөмдөгү айыптар жайыт ресурстарын пайдалануудан түшкөн төлөмдөрдү толук, жогорку деңгээлде кайтарууну камсыз кыла албай жатат. Натыйжада айыл четтериндеги жайыттар мал туяктарынан деградацияга учуроодо. Ушул жагдайга байланыштуу айып пул көлөмдөрүн 500 сомдон 5000 сомго чейин көтөрүү демилгеленген. Талкууда депутат Талантбек Узакбаев жакынкы жайыттар тебеленип деградацияга учурап жатса, алыскы жайыттарга мал барбай деградацияга учурап жатканын жөнгө салуу зарылдыгын белгиледи. Ошону менен катар ветеринардык эрежелерди бузгандарга дагы айып пулдардын көлөмүн жогорулатуунун сунуштады. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү жайыттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна жетишүүгө багытталган мыйзам долбоорун 1-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан