Тарых музейине жаңы жетекчи дайындалды

Улуттук тарых музейине жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 26-мартта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Тарых музейине директор болуп Кеңешбек Алмакүчүков дайындалды. Тиешелүү буйрукка министр Султан Жумагулов кол коюп, музейдин жамааты менен жаңы жетекчини тааныштырды. Ал эми аталган жайдын мурунку жетекчиси Анаркүл Исиралиева музейдин жетекчисинин илимий иштер боюнча орун басары болду.

"Баарыбызга белгилүү болгондой, учурда башкы музейде реконструкция иштери жүрүп жатат. Жакында эле Кыргыз Республикасынын президентинин буйругу менен музейге "Улуттук" деген макам берилген", - деп айтылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, жаңы жетекчи - Кеңешбек Алмакүчүков 54 жашта, экономика илимдеринин доктору. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин "Туризм" багыты боюнча мамлекеттик аттестациялык комиссиянын төрагасы болуп иштеген.

Буга чейин Тарых музейинде 503 даана баалуу экспонаттар жоголгондугу, анын ичинде алтын зер буюмдар да бар экени айтылган. Андан кийин Башкы прокуратура бул боюнча 3 кылмыш иши козголуп, конкреттүү эч нерсе табылбагандыктан алар токтоп турганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
pusur
2018-03-26 12:19:03
Дагы бир жегич келдида
+4
NIkalike
2018-03-26 14:27:48
Не дейбиз? Орун кут болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан