Бүгүн, 17-июнда президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик тилди мындан ары өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланган жумушчу кеңешме өткөрдү. Тактап айтканда, тил саясатын өркүндөтүү боюнча жумушчу тобун түзүү, ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча чукул арада ишке ашыра турган кечиктирилгис чаралар дагы каралган адистер тарабынан даярдалып жаткан өлкөнүн президентинин жарлыгынын долбоору талкууланды. “Мындан ары мамлекет мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө каражат аябайт, ал эми бул багыттагы иш-чараларды каржылоо келерки жылдан тартып кеминде эки эсеге көбөйтүлүшү зарыл”, - деди мамлекет башчы. Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү Стратегиясы жана өлкө президенти бекиткен элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясы мамлекеттик кыргыз, расмий орус, ошондой эле дүйнөдө талап кылынган эл аралык тилдердин биринде эркин сүйлөгөн кыргызстандыктардын көп тилдүү жаңы муунун тарбиялоо милдетин коюуда.