ЖЫЛНААМА, 26-МАРТ: Айымжан Айылчиева туулган күнүндө бриллиант көздүү шакек белекке алды

Шоу-бизнестеги жаш таланттардын бири ырчы Айымжан Айылчиева бүгүн 20 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланыштык. Ал SUPER.KG порталына бүгүнкү күн үй-бүлөлүк майрам экенин билдирди.

"Негизи буга чейин туулган күнүмдү досторумдун курчоосунда же үй-бүлөм менен тоссомбу деп аябай ойлондум. 20 жашка чыгып жаткандыктан ата-энем, бир туугандарым менен белгилейин деп чечтим. Курбуларым менен дем алыш күнү тособуз. Мага жылуу сөздөрүн айтып, белектерин бергендер 26-мартка караган мүнөттөрдөн башталган. Эң баалуу белекти ата-энем берди. Үй-бүлөдө жалгыз кыз болгондуктан апам мага бриллиант көздүү шакегин тартуулады", - дейт.

Айымжан Айылчиева 1998-жылы 26-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн. №6-гимназияда билим алган. Учурда Борбор Азиядагы Америка университетинин эркин искусство факультетинде 2-курста окуйт. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Белгилей кетсек, ырчы "Баары эми башталат" тасмасында роль жараткан. Бир нече эл аралык сынактардын катышуучусу. Репертуарындагы ырлары "Сүрөөн", "Келечек", "Ак бата" жана башкалар.

26-мартка жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Azatbek83
2018-03-26 15:12:49
Ким бул санын көрсөтүп сүрөткө түшкөн?!
-5
Diana-Ban
2018-03-26 15:32:48
Таланттуу кыз, бирок дагы да иштеш керек, жарк деп бир чыгып өчүп калган жылдыздардай болбой. Анан бир кеңеш шакек алды, антти минтти деген арзаң тажатма пиар эмес, тиги өлкөдөн тигини утту бул байгени утту деген жаңылыкты күтөбүз, той ырчысы анан акча тапмай ырчысы болгондон алыс бол. Талантыңдын үстүнөн иштеп конкурстарга катыш
+6
aksy94
2018-03-26 16:31:40
Ото жонокой и таланттуу кыз азамансын алга
0
Cleo-13
2018-03-26 16:49:16
Апасы жакшына край экен
0
kyrgyzka7
2018-03-26 22:03:44
Апасы да жапжашго
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан