Жалал-Абадда беш жашар кызды зордуктоого айыпталган адам 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2017-жылы 15-октябрда Жалал-Абад шаарынын тургуну милицияга 5 жаштагы кызына А.У. аттуу адам сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаганын айтып кайрылган. Кийин соттук медициналык-экспертиза дайындалып, секелек кыздын зордукталганы аныкталган. Бул ишти Жалал-Абад шаардык соту карап чыгып, айыпталуучуну күнөөлүү деп тапкан. Соттун өкүмүнө ылайык, айыпталуучу А.У. күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылып, катуу тартиптеги абакта жазасын өтөй турган болгон.