“Кара-Жыгач” сейил багынын чектери такталганга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш департаменти жана Свердлов району тарабынан мыйзамсыз курууларга жол бербөө үчүн нөөмөттөр уюштурулууда. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзамсыз куруулар аныкталса, тиешелүү кызматтар тарабынан административдик чаралар колдонулат. Мыйзамсыз куруу фактылары боюнча шаар тургундары Бишкек шаары, Карасаев көчөсү, 41 дарегине жана (0312) 44-25-44, (0557) 557-058 телефондору боюнча Иманакун уулу Талантка кайрылышса болот. Белгилей кетсек, “Кара-Жыгач” багында нөөмөт жүргүзүү сейил бактын чектери такталганга чейин жүргүзүлөт.