Ош шаарынын мэри АКШдан 2010-жылдын июнь айындагы окуяны уюштургандарды табууга жардамдашууну суранды

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов АКШдан 2010-жылдын июнь айындагы окуяны уюштургандарды табууга жардамдашууну суранды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-июнда Ош шаарында мэр Мелис Мырзакматов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен менен жолугушкан. Шаар башчысы 2010-жылы июнь окуясынан кийин Ошту калыбына келтирүүгө жардам бергени үчүн АКШ тарапка ыраазычылык билдирди. Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык абалды жана эки өлкөнүн мындан аркы мамилелеринин өнүгүүсүн талкуулашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан