Денесинин 60 пайызы күйгөн 3 жаш 8 айлык Арууке 4 операциядан кийин ооруканадан үйүнө чыгарылды
Мындан бир ай мурун 3 жаш 7 айлык Аруукенин денесинин 60 пайызы кайнак сууга күйүп калып, Бишкектеги 4-клиникалык оорукананын күйүк бөлүмүнө жаткырылган. Андан бери башынан 4 операцияны өткөрүп, бүгүн 26-мартта ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Аруукенин эжеси Гүлбарчын Карабаева SUPER.KG порталына билдирди.
"Бир ай ичинде Арууке 4 операцияны башынан өткөрдү. Эки ай үйдө эс алгандан кийин Германиядан келген врачтардын көзөмөлүнөн өтөт. Дарыгерлер маал-маалы менен ооруканага жатып, ток менен дарылоо курсунан бир жылдай өтөсүңөр деди", - дейт Аруукенин эжеси.
Эске салсак, Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Ленин айылында жашаган 3 жаш 7 айлык Аруукеге кайнак суу төгүлүп, денесинин 60 пайызы күйүп калган.