Алтынбек Арзымбаев: “Мен кылмыштуу топтун мүчөсү эмесмин”

Кара-Көл шаардык кеңештин депутаты Алтынбек Арзымбаев кылмыштуу топтун мүчөсү эместигин бүгүн, 17-июнда маалымат жыйынында айтып чыкты. Анын айтымында, бейбаштык кылуусун Кара-Көл шаарынын мурунку мэри Иляс Эркеев атайын уюштурган. “Ооба, мен жабырлануучуну сол колум менен ургам. Бир жума өткөндөн кийин ал милицияга менин үстүмөн арызданды. Бул Эркеевдин уюштурганы. Мен анын мамлекеттин казынасынан акча уурдагандыгын жана баңгизат сатуу менен алектенгендигин далилдейм” деди Арзымбаев. Ал соттун чечимине нааразычылыгын билдирип, апелляцияга жазаарын кошумчалаган. Маалыматка ылайык, ал бир жылга шарттуу кесилген. Эске салсак, 7-мартта Жин каймана аты менен таанылган Арзымбаев адам өмүрүнө кол салуу жана бейбаштык кылмыштарына шектелип кармалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан