ЖЫЛНААМА, 26-МАРТ: "Туулган күнүмдө жол кырсыгына кабылып, катуу ыйладым" дейт "Супер сулуу-2009" сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбаева

Бүгүн, 26-мартта "Супер сулуу-2009" сынагынын жеңүүчүсү, модель Жамиля Ишенбаева 24 жашка толду. Ал бүгүн жол кырсыгына кабылып, маанайы түшүп калганын айтат.

"Быйыл менин мүчөл жылым, бүгүн 24 жашка чыктым. Эртең менен маанайым жакшы эле болчу. Бирок жол кырсыгына кабылып, катуу ыйладым. Машинам менен кетип бара жатсам маршруттук такси сүзүп кетти. Катуу деле болгон жок, ошентсе да катуу чочуп калдым. Мүчөл жылы абайлап жүрүш керек, кырсык тоорушу мүмкүн деп коюшат го. Дароо ошол ырым эсиме түшүп, кызыл кийим сатып алдым", - дейт Ишенбаева.

"Супер сулуу-2009" сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбаева Бишкек шаарында туулган. Кыргыз-Орус Славян университетинин алдындагы колледжди артыкчылык менен аяктап, Улуттук университеттин Кыргыз-Европа факультетине тапшырган.

Ишенбаева "Супер-Инфо" гезити тарабынан уюштурулган сулуулар сынагында "Супер сулуу-2009" деп табылып, 7 кереметтин бири – Мисирде эс алып келген.
Андан сырткары "Азиянын супер модели. Кыргызстан-2011", "Дүйнөлүк туризм сулуусу-2011", "КУУнун сулуусу-2013" сыяктуу бир нече сынактын жеңүүчүсү болууга жетишкен.
Ошондой эле Жамиля Ишенбаева жарнамалык ролик, клиптерге да тартылып келет. Ырчы Арсендин "Жарадар жүрөк", Ильяз Андаштын "Кыздарга ишенбе", Гүлжигит Калыковдун "Кыргызстан жаштары", "ОAKLAND" тобу менен Мister Infinity`нин аткаруусундагы "Менин калканчым" ("Мой щит") ж.б. клиптерден көрүүгө болот.
26-марттын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kuba-savai87
2018-03-26 19:12:21
Элдин алдына жарым жыланач болуп чыгуу жакшы эмес
+9
mentol
2018-03-26 19:59:44
ошондо бул 15 жашында катышканбы конкурска?.
+2
gul3ina
2018-03-26 23:11:40
Кечке эле реклама кыла бербегилечи супер сулууларды
0
omke.85
2018-03-27 01:19:20
Анча деле эмес экенго сулуу болсо кк дегем
+2
surgeon777
2018-03-27 20:28:00
omke.85,мындан страшныйлар деле женип келе жатышат го))
Башкаларга салыштырмалуу ничёшкалекен))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан