Англияда 57 жаштагы киши аялын өлтүрүп, 2 баласын жардан түртүп жиберген

Англияда аялын өлтүрүп, 2 баласын жардан түртүп жиберген 57 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Аделино Габриэль Фигейра де Фариа аттуу жарандын жана анын 2 баласынын жансыз денеси Истборн шаарында табылган. Мындан сырткары полиция кызматкерлери Габриэль Фигейранын үйүнөн бычак сайып өлтүрүлгөн 47 жаштагы аялы Лаура Сесилиянын денесин табышкан.

Белгилүү болгондой, Фигейра алгач балдарынын көзүнчө аялын бычак менен сайып өлтүрүп, андан соң 7 жаштагы Хоакин жана 10 жаштагы Клауидо аттуу балдарын шаардын четинде жайгашкан жардан түртүп жиберген. Андан соң ал өзү секирип кеткен.

Бул окуяны уккан коңшулары буга ишенбей тургандыгын жана Фигейранын үй-бүлөсү эң бактылуу үй-бүлөлөрдүн бири болгонун айтышкан.

Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
keba300989
2018-03-27 11:25:11
Балким бирөөлөр кылгандыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан