Республика аймагындагы мөңгүлөрдү коргоо мыйзамдын негизинде камсыздалат

Бүгүн, 17-июнда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин кезектеги отурумунда “КРнын мөңгүлөрү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, колдоого ээ болду. Азыркы күндө республика аймагында 6582 мөңгү катталган. Суу ресурстарын туура пайдаланууну мөңгүдөн баштоо менен ага туура мамиле кылуу, сактоо маселелеринин негизинде аталган мыйзам долбоору иштелип чыккан. Мыйзам долбоорунун милдеттери катары мөңгүлөрдү коргоо үчүн негиздерди түзүү, мөңгүлөр боюнча мониторинг кызматын түзүү, республикада гляциолог жана метеоролог кадрларды даярдоо үчүн өбөлгөлөрдү түзүү, мөңгүлөргө зыян келтирилгендиги үчүн жоопкерчилик чараларын киргизүү, келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктап, аны өндүрүүгө шарт түзүү кирет. Мыйзам долбоорун комитет мүчөлөрү 1-окууда колдоо чечимин кабыл алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан