ЖЫЛНААМА, 27-МАРТ: Тасма тартуу үчүн үй-бүлө куруудан баш тарткан америкалык режиссёр Квентин Тарантино 55 жашка толду

Бүгүн, 27-мартта америкалык режиссёр, сценарист, продюсер жана актёр Квентин Тарантино 55 жашка толду. Ал АКШнын Теннесси штатында жарык дүйнөгө келген.

Апасы Кони Макхью 15 жашында Тони Тарантинге турмушка чыгып, бирок ажырашып кетишкен. Бири-биринен кол үзүшкөндөн кийин апасы кош бойлуу экенин билген.

Болочок жылдыз 2 жашка чыкканда Лос-Анжелеске жер которуп, балалыгы ушул шаарда өткөн. Апасы экинчи ирет турмушка чыгып, Квентинди өгөй атасы асырап, фамилиясын ыйгарган. Бирок бул нике да түбөлүк болбой, 6 жылдан кийин ажырашып кетишкен. Кийинчерээк Квентин мырза актёрлук карьерасына биологиялык атасынын фамилиясын ылайык көрүп, Тарантино деп аты-жөнүн өзгөрткөн.

12-13 жашка чыкканга чейин болочок актёр велосипед тепкенди, сууда сүзгөндү билген эмес. Мындан улам аны теңтуштары маскаралап келген. 15 жашында мектептеги окуусун таштап, кинотеатрдын видеоархив бөлүмүндө иштеп калат. Ал эми кечкисин актёрлук чеберчилик боюнча ийримдерге барып, сабак алган.

Кинотеатрда иштеп жүрүп көрөрмандардын табитин билип, зор тажрыйба топтоого жетишкен. Алгач кино дүйнөсүндө сценарист катары иштеп баштаган. Анын биринчи жазган 2 сценарийи жергиликтүү киностудиянын кызыкчылыгын жаратпай койгон. Шаабайы сууган Квентин мырза "Кутурган иттер" ("Бешенные псы") деген сценарийди жазган. 1992-жылы продюсер Лоренс Бендер Квентиндин сценарийин окуп чыгып, кино тартууну колго алган. Тартуу иштери Лос-Анжелестин көчөлөрүндө жүргүзүлүп, фильм күтүлбөгөн ийгиликке жеткен. Ал эми дүйнөлүк атактуулукту "Криминалдык окуу" ("Криминальное чтиво") тасмасы алып келип, мыкты сценарий үчүн "Оскар" сыйлыгына ээ болгон.

1995-жылы "Таң аткандан күн батканча" ("От заката до рассвета") фильминде Ричи Геккон деген каармандын образын ачып берген. Ушундан кийин Квентин Тарантино тыныгуу жарыялап, 2003-жылы кайра чыгармачыл дүйнөсүнө кайтып, "Биллди өлтүрүү" ("Убить Билла") тасмасын сатыкка чыгарган. Анын артынан "Өлүмдүн далили" ("Доказательство смерти"), "Грайндхаус" жана башка тасмалар тартылып, кино тармагында айтылып калган.

2016-жылы режиссёр 10 тасма тарткандан кийин чыгармачылык карьерасын жыйыштырарын билдирген.

Режиссёр бүгүнкү күнгө чейин үйлөнүп, балалуу болгон эмес. Тасма тартуу үчүн үй-бүлө түптөөдөн баш тартканын Квентин мырза жашырбай келет.

27-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан