Академик Абдылдажан Акматалиевге "Талас облусунун ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды
Академик Абдылдажан Акматалиевге "Манас" эпосун
жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын басып чыгаруудагы , изилдөөдөгү жана
жайылтуудагы зор эмгеги үчүн "Талас облусунун ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды.
Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдирди. Ошондой
эле ал Ош мамлекеттик университетинин ардактуу профессору болуп шайланды.