"Ата журтчу" депутаттар сотто акыркы сөздөрүн айтышты

Бүгүн, 17-июнда депутаттар Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров боюнча өтүп жаткан соттук отурумда сотко төрагалык кылуучу судья Курманкул Зулушев айыпталуучулардын акыркы сөзүн укту. Депутат Талант Мамытов бул иште кимдир бирөөнүн буйрутмасын аткарбоо керектигин айтты. “Башкы прокурор Аида Салянованын буйругун аткаруунун кереги жок. Мыйзам чегинде чечим чыгарыңыздар”,- деди Мамытов. Өз кезегинде депутат Садыр Жапаров райондук сот туура эмес жолдо кеткенин айтты. “Алар Аида Салянованын буйругун аткарышты. Бирок бул иш качандыр бир убакта далилденет. Кимдир бирөөнүн саясий буйруктарын аткарып кереги жок”,- деди Жапаров.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан