Бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев "Мегакомду" сатып алууга 4 компания кызыкдар болуп жатканын айтты.
Анын айтымында, "Мегаком" боюнча 2-мартта баалоо мөөнөтү бүткөн.
"Кызыкдар болуп жаткан компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрө элек. Учурда документтер жана башкалар такталып жатат", - деди ал.
Эске салсак, "Мегакомдун" менчикке сатылары 2015-жылы чечилген. Андан бери компанияга инвестор табылбай, аукцион аркылуу сатуу үч аракетте да ишке ашкан жок. Аукциондон аукционго жылган сайын "Мегакомдун" баасы арзандаган. Алгач баштапкы баа 19 миллиард 700 миллион сом болсо, экинчи аракетте 14 миллиард 255 миллионго түшкөн. Үчүнчү жолкусунда 13 миллиард 500 миллион сом деп коюлган. Аукцион аркылуу сатуудан майнап чыкпагандыктан, өкмөт "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын түз сатуу чечимин кабыл алган.