Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров 1-декабрдан тарта милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөрүн айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мамлекет башчысы милиция кызматкерлеринин күжүрмөн эмгегин баалап, алардын коомдук тартипти камсыз кылуудагы жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү ролун белгиледи. Ошондой эле кызматкерлердин айлык маянасы жогорулай турганын айтты.

"Ички иштер органдарынын кызматкерлерине дем берүү максатында алардын айлык маянасын жана ардагерлердин пенсиясын жогорулаттык. Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тартып ИИМ кызматкерлери жогорулатылган айлык акы, ал эми ардагерлер көбөйтүлгөн пенсия ала баштайт", - деди Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан