Мамлекеттик каттоо кызматы коррупцияга баткан орган катары өлкөдө биринчи орунда турат. Мындай пикирин бүгүн, 17-июнда ЖКнын депутаты Анарбек Калматов билдирди. Анын айтымында, паспорт чыгаруучу “Интел Линкс” компаниясынын башчысы да УКМКга Мамлекеттик каттоо кызматынын үстүнөн арызданган. "Баары сүйлөшүп алып, элге каршы иштеп жаткандай сезилет. Бизде бардык тармак коррупциялашкан, өзгөчө мамкаттоо”,- деди депутат мырза. Ал "ким болбосун, бул кызматка башчы болуп келсе, аны мурастап алат" деп кошумчалады.