WhatsApp'та Бишкектеги соода борборлоруна барбоого чакырган билдирүү тарап жатат

Социалдык тармактарда 31-мартта соода борборлоруна барбоого үгүттөгөн билдирүүлөр тарап жатат. Мындай сунуш Орусиянын Кемерово шаарындагы соода борбордо 64 адамдын өмүрүн алган өрттөн улам келип чыкканы белгилүү.

Билдирүүдө соода борборлордун ээлери өрттүн алдын алуу, өрт коопсуздугуна кандай көңүл бурула турганы тууралуу машыгууларды өткөрүүлөрү зарыл экендиги айтылууда. Ошондой эле анда борборго келгендерге имараттын ичиндеги эвакуация пландары түшүндүрүлүшү керектиги белгиленген.

Борбордогу бир катар соода борборлордо машыгуулар жүрүп жатканын кызматкерлери билдирди. Соода борборлордун биринде иштеген кызматкер: "Бизде айына бир жолу техникалык администратор окуу-машыгууларды өткөрүп турат. Кемероводогу өрт бизди да силкинтти. Өрт чыкканда пайдалануучу эшик, терезелер кайрадан кароодон өткөрүлдү. Андан сырткары өрттөн сактоочу бет каптарды да сатып алдык. Жакынкы күндөрү машыгуу өткөрүү пландалды. Анын датасы, убактысы азырынча белгисиз. Окутуу жүргүзүлгөн учурда кадимкидей эле өзгөчө кырдаал жаралган учурдагы үн белги берилет. Күзөт кызматындагылар, соода түйүнүндөгү сатуучулар кандай кадам кылышары көзөмөлгө алынат", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aibars
2018-03-28 16:25:52
Туура, сактыкта кордук жок. Элди тез арада чыгарып кеткенге ар дайым даяр болуш шарт.
+19
erlan2196
2018-03-28 16:32:47
Бир ооздон чыккан ушак, мин оозго тараган турбайбы.
-12
filis
2018-03-28 16:41:03
Тили кычышып тургандарга айла жок.
+7
NURTILEK_KG
2018-03-28 17:55:45
Кылсанар эч кимге айтпай туруп кылгыла да орт очургучторго айтып кылсанар анда болбой калат.
-4
aksy94
2018-03-28 19:50:47
Азаматсынар дайыма даяр туруу керек кудай билет кырсык каш кабактын ортосунда дегендей
+7
aksy94
2018-03-28 19:51:50
Кудай сактасын айттырбай келген кырсыктан
+7
vikidiki
2018-03-28 23:09:28
туура. Биз гс. службада иштеп жургондо ар бир айда учение кылчу экенбиз. "В экстренных случаях "деп. Негизи ошондой болуш керек. Мектептерде, садиктерде ж. б. у. эл коп "общественные месталарда"
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан