Бишкектеги Биринчи Май районунун жаранына 8 миң 410 сом жөлөк пулдун ордуна 841 миң сом акча которулган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Болот Абдрахманов билдирди.
Анын айтымында, 8 миң 410 сом жөлөкпул жарандын майыптыгы үчүн которулмак. Бирок кызматкер жаңылышып, 100 эсе көп акчаны которуп алган. Ал эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран мындай суммадагы акчаны кайрымдуулук фонддору которду деп ойлогон.
"Анын айынан 200 пенсионердин акчасын бир аз кечиктирип жатабыз. Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, ишти тездетүүгө жардам берүүнү сурандым. Которулган акчаны алган адам апрель айында толук төлөп берем деп жатат", - дейт Абдрахманов.