Бүгүн, 28-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
“Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга жаӊылоо боюнча кылмыш иши ачылбаса, президент, өкмөт жана Жогорку Кеӊеш мындан ары коррупцияга каршы күрөшөбүз деп көкүрөк какпашы керек”. Депутат Курманкул Зулушев парламентте ушул сөздү айтып, жооптуу органдарды ЖЭБди жаңылоо иши боюнча коомчулуктан берилип жаткан суроолорго чекит коюуга чакырды. Зулушев Жогорку Кеӊеш өкмөттүн отчётун күтпөй, аны алмаштырууну карашы керек дейт. “ЖЭБди жаӊылоодо 120 сом турган кычкачты 600 долларга сатып алынды деп көрсөтүшкөн, бирок коррупция боюнча иш козголо элек. Бул иште 20-30 чиновниктин аралашканы көрүнүп турат, өкмөт эч нерсе жасабай жатат”, - деген депутат өкмөттүн катасы деп башка окуяларды да атады. Депутаттын сөзү сунуш катары айтылып, 120 мандаттуу парламентте аны колдоп чыккандар болгон жок.
Сапар Исаков апрель айында өкмөттүн 2017-жылкы иши боюнча Жогорку Кеӊешке отчёт берет. Дал ушул отчёт Исаковдун өкмөтүнүн канчалык бекемдигин, Жогорку Кеңеште өкмөттү алмаштырууну көздөгөн топтун дарамети канчалык экендигин көрсөтөт. Зулушевдин бүгүнкү сөзү Исаковдук өкмөткө каршы парламенттеги алгачкы чакырыктардын бири болду.
386 миллион доллар үчүн өкмөттү алмаштырып жиберүү маселе чечип, коррупцияны жоюп, уурдалган акчаларды кайтарып келбейт. ЖЭБди жаӊылоо иши кимдин (кайсы өкмөттүн) тушунда башталып, кимдин тушунда аягына чыкты эле? Келишимге 2013-жылы премьер Жантөрө Сатыбалдиев кол коюп, долбоор Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев жана Сооронбай Жээнбеков өкмөт башында турган кезде ишке ашырылды. Сооронбай Жээнбеков премьерликтен кетүүгө 2017-жылы 21-августта арыз жазып, эртеси 22-августта ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев өкмөттү отставкага кетирген. 25-августта Сапар Исаков премьерликке шайланып, 30-августта ЖЭБдин жаӊыланган бөлүгүнүн расмий ачылышы болгон. Ачылыш аземине ал кездеги ажо Алмазбек Атамбаев, “Улуттук энергетикалык холдингдин” жетекчиси Айбек Калиев, Бишкектин мэри Албек Ибраимов жана башкалар катышып, премьер Исаков негедир ал иш-чарага барган эмес.
Мурунку премьер Жантөрө Сатыбалдиев ЖМКларга маек берип, “386 миллион доллар чырына тиешем жок” деп айтып чыкса, жеке жоопкерчилик жөнүндө Оторбаев да, Сариев да, экс-премьер катары Жээнбеков да үн катпай келе жатышат. Азыркы парламент 2013-жылы суроо жараткан күмөндүү келишимди шашылыш бекитип берген 5-чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин, ал келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койгон экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жоопкерчилигин сурай алабы?
386 миллиондун чоо-жайын иликтөө үчүн Жогорку Кеӊеш быйыл 31-январда депутаттык комиссия түзгөн. Комиссия 2 айдын ичинде 6 жолу жыйын өткөрдү. Депутат Улан Примовдун айтымында, бул комиссиянын иликтөөсү аяктап калды, иш жыйынтыгын эмки аптада жарыялайт.
2017-2018-жылкы кыш мезгилине карата ЖЭБди оӊдоп-түзөө боюнча “Электр станциялары” ишканасы жасалма тендер өткөрүп, ири суммада акча уурдалганын УКМК аныктап чыкканы жарыяланган. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, “Электр станцияларынын” жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев жана бул ишкананын техникалык директору Алмаз Жусупбеков тергөө абагына камакка алынды. Бул иш боюнча өкмөттүк аппараттын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиев УКМКда суракка алынды.
Ал эми ЖЭБди жаңылоого берилген 386 миллион долларлык кредит кантип колдонулду, канчалык максаттуу жана мыйзамдуу колдонулду деген суроо ачык бойдон турат. Ал эми кылмыш иши ачылсын деп талап кылууга коомчулукта негиздер бар. ЖЭБдин жакында гана кызматтан бошотулган жетекчиси жаңылоо үчүн борборго 250 миллион доллардын тегерегинде гана каражат келгенин, калган миллиондор белгисиз калганын, ал миллиондордун ордун толуктоо үчүн баалар эселеп жогорулатылып, кадимки кычкачтын баасы 600 доллар деп көрсөтүлгөнүн айтып, маалымат таратууда. Сапар Исаков иликтөө бүтмөйүнчө 386 миллиондун тегерегинде коррупция бар деп айтууга болбой турганын Жогорку Кеӊештин депутаттарына ЖЭБдеги авариянын эртеси эле эскерткен эле. Бирок ЖЭБге сатып алынган кычкач, видеокамера өӊдүү буюмдардын асман чапчыган баалары, интернет желесине жарыяланып кеткен документтер, депутаттык комиссиянын отурумундагы суроо-жооптор 386 миллиондук долбоор Исаков үмүт кылгандай “таптаза” эместигин көрсөтүп койду...
Кыргыз өкмөтү “Русгидро” компаниясынан Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча 37 миллион долларлык доосун кайтарып алууну суранууда. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин өкүлү Марат Жээнбеков айткандай, “Русгидронун” доосу Кыргыз тарапка инвестор менен сүйлөшүү жүргүзүүгө тоскоол болууда.
2012-жылы Кыргыз-Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга келишим түзүп, 2013-жылы иш башталган. 2016-жылы Кыргыз тарап “инвестор келишим шарттарын аткарбай жатат” деп келишимден бир тараптуу чыгып кеткен. Ал эми “Русгидро” курулушка 37 миллион доллар жумшалганын, Кыргыз тарап бул акчаны төлөп бериши керектигин айтып эл аралык сотко кайрылган. Кыргыз өкмөтү чын эле 37 миллион доллар жумшалган же жумшалбаганын аныктоо үчүн көз карандысыз аудит жүргүзүүнү сунуштап, буга Орусия каршы болуп келе жатат. 37 миллионду иликтеген Жогорку Кеӊештин депутаттык комиссиясы иштин аягына чыккан эмес.
Адистердин айтымында, көз карандысыз аудит жалдоого 1 миллион доллардын тегерегинде каражат кетет.
Өкмөт 37 миллион долларды аталган ГЭСтерди кура турган жаӊы инвестордун эсебинен төлөмөкчү. 2017-жылы өкмөт чехиялык “Лигласс” компаниясы Кыргыз жерине ГЭС куруу ниетин билдиргенин, кепилдик үчүн бул компания 2 айдын ичинде Кыргыздын “Русгидродогу” 37 миллион доллар карызын жаап бере турганын жар салган. Келишимге кол коюу салтанатына ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев да катышкан. Бирок “Лигласс” 37 миллион долларды төлөй алган жок, өкмөт ал компания менен түзүлгөн келишимди токтотту. Алмазбек Атамбаев президенттиктен кетерде Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу убадасын ишке ашыра албай калганын, бирок бул ГЭСтер баары бир курула турганын, ал үчүн өзү инвестор издей турганын айткан. Өкмөт Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга жаӊы инвестор тапканын билдирип, бирок алар тууралуу маалымат жарыялабай жатат. “Русгидро” доо арызын кайтарып алууга көнөбү, ГЭСтер каскадынын тагдыры ушул суроого келип такалган сыяктуу...
Кыргыз футболчулары Азия Кубогунун финалдык баскычына чыгуу менен өз күйөрмандарына жагымдуу белек тартуулашты. 27-мартта тайпалык оюндардын алкагында акыркы беттеш Бишкекте өтүп, Индияны кабыл алды. “Ак шумкар” жигердүү оюн көрсөтүп, 2:1 эсебинде татыктуу түрдө жеңишти камсыздады. Муну менен өлкөбүздө футбол өнүгүү жолунда экендигин улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин сөз гана эмес, жыйынтык менен далилдей алды.
Азиянын мыкты 24 командасынын катарына чыгуу - бул чындыгында тарыхый көрсөткүч. Кечээ Бишкекте өткөн оюнда бир гана футболчулардын чеберчилиги эмес, күйөрмандардын колдоо маданияты да өсүп жатканы байкалып турду. Ар бир чабуулга дем берип жаткан, жаза баскан футболчуларды колдоп-сүрөп жаткан күйөрмандар болду. Жамгырга карабай Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго 10 миңге жакын көрүүчү келди. 2015-жылы өткөн Австралия менен болгон оюндан кийинки ФИФА тарабынан салынган айып чоң сабак болгондой. Бул оюнда коопсуздукту камсыз кылууга эки миңден ашуун милиция кызматкери тартылып, футбол учурунда жана андан кийин чыр-чатак орун алган жок. Бул күнү футболчулар оюнду, күйөрмандар колдоону мыкты көрсөтүп бере алышты...