Казакстандын мега жылдызы Кайрат Нуртас миллиондогон күйөрмандарына жубайы Жылдыз айымды жана 2 уулун, 2 кызын көрсөттү. Анын бул кадамы буга чейин коомчулуктун "үй-бүлөсүн эмнеге жашырып келген" деген 100 суроосуна татыктуу жооп бергени болду. Океандын ары жагына чейин таанылган ырчы социалдык тармактагы жеке баракчасына үй-бүлөлүк сүрөтүн жарыялап, сүрөттүн алдына:
"10 жыл бою үй-бүлөмдү коомчулуктан жашырганым,
Очогумдун бузулбай тынчтыкта өмүр сүрүшүн каалаганым.
10 жыл бою жубайымды жашырганым, өзүмө-өзүм ишенгеним.
Көпчүлүккө көрсөтпөй, өзүм гана көргөмүн.
10 жыл бою балдарымды жашырганым,
Алар менин кымбат казынам, асылдарым.
Ал эми казагым кызыл кырман, жашыл багым.
Баары силер үчүн, мендеги барды жашырбай,
Бүгүн силер үчүн ачылып турган чагым", - деп акындык өнөрүн ачты.
Күйөрмандары ырчыга бакыт тилеп, уул балдары апасына, ал эми кыздары атасына окшош экенин айтып, билдирүү жазышууда.