Ошто бүгүн Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган көпүрөнүн ачылышы болот. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Бүгүн, 29-мартта Ош шаарындагы подиум-көпүрөнүн ачылышы болот. Көпүрөнүн салтанаттуу ачылышына премьер-министр Сапар Исаков катышат.
Белгилүү болгондой, мындай долбоор Борбор Азияда алгачкы ирет ишке ашып жатат. Көпүрөнү куруу үчүн жалпы 16 миллион 4 миң сом сарпталган. Анын узундугу 60, ал эми туурасы 40 метрди түзөт. Аталган көпүрө маданий иш-чараларды өткөргөн жай болот. Анда ар кандай көргөзмөлөр, концерттер, майрамдык салтанаттар белгиленмекчи.
Бул көпүрөдөн ары-бери каттаган жөө жүргүнчүлөр өтөт. Автоунаа жүрбөйт. Ал жерге иш-чара учурунда 300гө жакын адам батат.