Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө калыңдыгы 40 сантиметрге жеткен кар жаады. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалым болгондой, 28-март күнү кечинде жааган кар Көк-Арт айылында 40 сантиметрге жетсе, Кызыл-Жар жана Ой-Тал айылдарында 10 сантиметрге жеткен.
Ал эми буга чейин Алайкууда электр жарыгы өчүп, уюлдук байланыштар иштебей жатканы боюнча интернетке маалымат тараган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай маалыматты четке какты.
"Жарык, суу жана уюлдук байланыш үзгүлтүккө учураган жок. Биз тынымсыз байланыш түзүп, кабар алып жатабыз. Андан сырткары унаа жолдор дагы ачык", - дешти ӨКМдан.