"Депутаттардын унааларына "KG" номерлерди бергиле" деп бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов өкмөткө кайрылды. Эл өкүлү депутаттар жолдо тоскоолдуксуз жүрүп, жер-жерлерге барганда элдер байкашы үчүн мамлекеттик "KG" номерлер болушу керек деген пикирде.
"Эң негизги маселе биз жер-жерлерге эл менен жолугушууларга барганда, элдер өздөрү шайлаган депутаттардын келишин карап, ошол жерге элдер топтолгондо да билиши керек. Жолдо бара жатканда да Жогорку Кеңештин депутаттарына эч кандай тоскоолдуктар болбошу үчүн зарыл. Кызматтык унааларды, мейли, тапшырдык. Бирок депутаттарга мурдагы "KG" номерин кайтаруу керек болууда. Элдер билиши керек, шайлаган депутаты келдиби же жокпу. Жогорку Кеңештеги депутаттар номерлерди кайра алса жакшы болот эле. Депутаттар аны өзүнүн унаасына кадап алабы, такси менен жүрсө таксиге илип алабы өзүнүн иши болот эле. Бир депутатка берилген номер болушу керек. Же болбосо өкмөт мүчөлөрү да баары жөнөкөй номер менен жүрүшсүн", - деди Икрамов.
Эске салсак, 2016-жылы 3-февралда депутаттарга таандык 120 комплект жана өкмөт мүчөлөрүнүн 23 номери жок кылынган. Бир гана Кыргыз Республикасынын президентине таандык 01 KG номери жок кылынган эмес.