Ошто үйлөрдүн короосун суу каптады

Ош шаарында 28-мартта жааган жамгырдан улам жеке турак үйлөрдүн короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүн суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык бөлүмүнүн башчысы Нурланбек Баймуратов билдирди.

Анын айтымында, үйлөрдү каптаган суу катуу жааган жамгырдын суусу.

"Чакыруу саат 16:05тер чамасында келип түшкөн. Ош шаары боюнча тургундар тарабынан 14 чакыруу түштү. Жалпысынан 6 жеке турак үйдүн, 1 социалдык жана 1 соода борбордун короолорун, ошондой эле 4 көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүн суу каптаган. Суу толугу менен суу соргуч менен тазаланып, абал учурда туруктуу", - дейт жетекчи.

Айта кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 27-марттан 30-мартка чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталарын билдирген. "27-28-мартка болжолдонгон нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн. Арыктарды тазалоонуу сунуштайбыз" - деп кошумчалаган ӨКМ.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
atanazarov10
2018-03-29 12:00:20
Туугандардын уйун жок кылып Окмот коп кабаттуу уйлорду салып берсе жакшы болмок. Биз кысылып 2комнат уйдо жашайлы алар жыргап Оштун ортосунда жер уйдо махала кылып жашасынбы.
Шаарды онуктуруп жер уйду жок кылып коп кабаттуу уйлорду салыш керек...
+29
Mamiev
2018-03-29 12:30:29
atanazarov10,созуно кошулам боло турган созду жазыпсын
+16
abon
2018-03-29 12:05:37
сизди эч качан эч ким коп кабатту уйдо жашайсын деп зордуктабайт! Мумкунчулугунуз болсо сиз дагы жер уй сатып алып кенири жашаныз! Эч ким бироону сен жер уйдо сен домдо кысылып жаша дебейт, Кудайга шугур Кыргызстаныбызда андай закон жок! Шугур кыла бериш керек, И так эле убакыт отуп жер уйлордун ордуна дом салынат, аларды "Подснос" деп коёт. населения кобоюп кеткенде аларды суруп тегиздеп домдоор тушот!
-16
Isco23
2018-03-29 12:15:48
Озбектердин огороддорунан бери соруп бертабы? Уят еее
+5
Beks.Kasymov
2018-03-29 12:21:01
Isco23,туура бул жерлерде бут туугандар жашайт,биздин кыргызбай челек менен еле сууну чыгарды МЧС семчиести чакырбай еле. .
+5
Baiana
2018-03-29 13:21:30
Бир жолу ошко барып коргомун уйунун астынан фантан чыгарып алышканын ,(кээ бирлери )ал эми биздин айылдарда ичкенге таза суу жок ,кочолору баары асфальт болуп ,светтери жаркырап тураарын .Тан калгамын бир жагынан ошончо махалласы учун куйуп иштеген айылдык депуттарына баа бергенмин .Биздикилер жеп жыкжыгынан чыкса да кордум дебей олтургандары кыжырды келтирет...((((((
+3
Baiana
2018-03-29 13:24:24
Кайсыл жерде жашабайлы ынтымак тынчтык болгону жакшы ,жакшысы озбек кыргыз кылып аралаштырып жашатып койгон жакшы болуп калды менимче .
+1
admin_media
2018-03-29 14:06:43
vavilon., Isco23, Azat.97, baisogur,
1. Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
2. Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
3. Улуттар арасында түшүнбөстүк жараткан билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт! 3 күндөн БАНга! Порталдын эрежелерин сактагыла!
0
admin_superstan
2018-03-29 16:53:54
Isco23, vavilon., темага тиешеси жок билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. Тарых жөнүндөгү талкууну Суперстандан уланткыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан