"Муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" жарлыкка өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Бүгүн, 17-июнда президент Алмазбек Атамбаев “Муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө” жрлыкка өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”  жарлыкка кол койду. Ал муниципалдык кызматтын майнаптуулугун жана туруктуулугун камсыз кылууга, муниципалдык кызматчылардын кесипкөйлүгүн, демилгелүүлүгүн жана жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Мурдараак муниципалдык кызматтын бош административдик кызматтарын ээлөөгө аттестацияларды жана сынактарды өткөргөндө айрым кемчиликтер орун алган. Ушуга байланыштуу муниципалдык кызматчыларды аттестациялоонун тартибин жана жол-жобосун өркүндөтүү боюнча айрым чаралар киргизилген. Эми муниципалдык кызматчыларды аттестациялоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрү эмес, тиешелүү деңгээлдеги комиссиялар өткөрүшөт. Аталган жарлыктын кабыл алынышы республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан