Жергиликтүү тургун: "Алайкууда кечээтен бери жарык жок отурабыз, жол да жабылып калган"

Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө 28-марттан бери кар жаап, кардын калыңдыгы алыскы Көк-Арт айылында 40 сантиметрге жетти. Аталган айылдын Замирбек Аккозуев аттуу тургуну өрөөндүн тургундары 28-марттан бери жарыксыз калышканын SUPER.KG'ге айтып берди.

"Кар жаңы гана токтоду. Бирок кечээ кечинде жарык өчүп калган, азыркыга чейин бериле элек. Район борборуна кеткен жол да жабылып калыптыр. Андан сырткары малдар үчүн кышкы убакытка камдаган чөптөрүбүз да аз калган болчу. Мындан улам малдарды талаага айдап жатканбыз. Кар жаап коюп, азыр үйдө багууга туура келип жатат. Тийиштүү кызматтардан эч ким жардамга келе элек", - деди айыл тургуну.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Алайкууда жарык өчпөгөнүн жана унаа жол ачык экендигин кабарлаган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
urmat.kg87
2018-03-29 13:04:04
Тиешелүү кызматтарың тигинтип "баары жакшы" деп жоопту берип койуп олтуратда
+2
Ask094
2018-03-29 13:48:10
Оштун сентрин бироолорго таштап тоону коздой качкыла дагы
-1
rejepova
2018-03-29 13:58:24
Ask094,биз мал жанга жакынбыз, баары эле центрде жашагысы келет, тирилик кандай болот анда? Жалалабад деле ошондой, туугандар ээлеп алган илгээрки заманда эле
0
Emkgupa
2018-03-29 14:17:41
Ask094, бул эмне дегениң? Ата-бабаларыбыз жердеп келген эле конуштар, Оштун борборунан тоого качышпай эле. Тескерисинче, шаарга агылгандар көп го.
+1
karakulja
2018-03-29 14:39:18
Ask094,ХХХХХХХХХХХХхх
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан