Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун жанындагы жер титирөөгө туруксуз, тектоникалык жерди менчиктештирип жиберишти. Мындай маалыматты окурман SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Ош шаардык мэриясы Сулайман-Тоонун жанындагы жер титирөөгө туруксуз, тектоникалык жерди курулуш иштери үчүн бир жаранга менчиктештирип жиберди. Буга чейин анын тегерегиндеги үйлөрдүн баарын башка жакка көчүргөнүн уккан элек", - деген ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.