Бишкекте Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан абак жайларынын учурдагы абалын талкуулаган эки күндүк форум болуп өттү. Форумдун негизги максаттарынын бири жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын кол өнөрчүлүгү менен алектенүүсүнө шарт түзүү болуп саналат. Мындан улам анын алкагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын тарткан сүрөттөрү, колго жасалган түрдүү эмгектери көргөзмөгө коюлган.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын айтымында, көргөзмөгө коюлган эмгектердин көпчүлүгү мурда мындай иш менен алектенбеген адамдардын колунан жаралган.
"Мындай иш менен алектенүү биринчиден, өздөрүн алаксытуу болсо, экинчиден, өзүн-өзү дарылоо жолу болуп саналат. Ошондой эле бири-бирине болгон мамилеси өзгөрөт. Жөн эле отура беришсе басынып кетиши толук мүмкүн. Ошондуктан бирин сүрөт тартуу, экинчисин кол эмгек менен же дагы башка иш менен алектенүүсүнө шарт түзүп жатабыз. Алардын ар бири абактан чыккандан кийин коомго терс таасири тийбегендей болуп өз ишин таап кетүүсүнө шарт түзүү үчүн атайын учулищебиз бар. Ал жерде азыркы шарттагы керектүү 20 кесип боюнча сабактар өтүлөт. Бул жерге коюлган эмгектердин көпчүлүгү деле мурун мындай иш менен алектенбеген адамдардын колунан жаралган. Алар атайын үйрөнүп, эми ушундай кол эмгектерди чыгарып жатышат", - деди Сабатаров.
Басма сөз катчы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан буга чейин уюштуруган аялдардын түзөтүү абагындагы тигүү цехи Орусиянын күч түзүмдөрүнүн биринин аскердик формаларын тигип бергенин кошумчалады.
"Биздеги бир-эки мекемеде атайын кыш чыгарган цех, аялдардын түзөтүү мекемесинде кийим тигүү цехи бар. Ошондой эле дагы башка жайларда темирден жана жыгачтан терезе-эшик жана башка керектүү буюмдар жасалат. Алардын баарын бул жакка алып келе алган жокпуз. Бирок Орусиянын күч түзүмдөрүнүн бири биздеги аялдар абагында уюштурулган тигүү цехинен аскердик формаларды тиктирип кетишти. Жыйынтыгына эч кандай нааразы болушкан жок. Ошондуктан баарын чогултуп жакынкы арада өтө чоң көргөзмө уюштурууну максат кылып жатабыз. Бул аракетибиз жазасын өтөп жаткандардын өздөрүнө маяна алуусуна жана коомдо кайра өз ордун табуусуна жакшы шарт түзөт", - деп толуктады Сабатарова.
Бүгүнкү көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдүн арасынан Апрель окуясы боюнча 22 жылга соттолгон Нурлан Темирбаевдин да тарткан сүрөттөрүн көрүүгө болот.