29-мартта эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдардын тарткан сүрөттөрү жана колго жасаган буюмдары Бишкектеги мейманканалардын бирине көргөзмөгө коюлду. Алардын арасынан Апрель окуясы боюнча 22 жылга соттолгон Нурлан Темирбаевдин тарткан сүрөттөрүн да кезиктирүүгө болот.
Бул көргөзмөгө Темирбаевдин жалпы 18 эмгеги коюлса, анын баарын боёк менен тарткан. Айрымдарында өзүнүн абактагы абалын көрсөткүсү келсе, көпчүлүгүндө жаратылыш чагылдырылган.
Нурлан Темирбаев кандай жагдайдан улам сүрөт тартуу менен алектенип жатканын Темирлан аттуу уулу SUPER.KG'ге айтып берди.
"Атам аскердик окуу жайында окуганга чейин көркөм-сүрөт билимине ээ болгон. Бирок аскердик окуу жайды аяктап, күч түзүмүндө иштеп калгандан соң сүрөт тартуу менен алектенбей калган экен. Апрель окуясы боюнча камакка алынгандан кийин мага керектүү каражаттарды алдыртып, кайрадан сүрөт тартуу өнөрүн баштаган. Бул жерге жалпы 18 сүрөтүн алып келдик. Мунун баары үйдө илинип турган. Анткени тартып бүткөндөн кийин мен алып кетип рамкага салып илип коём. Айрым учурда тааныштарга белекке берип жүрөбүз. Өзүнүн жанында дагы бар болуш керек", - деди уулу Темирлан.
Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Нурлан Темирбаев 2010-жылы 7-апрелде бийликке нааразы болуп чыккан элге каршы ок чыгарууга буйрук берген деп табылып, 22 жылга эркинен ажыратылган. 6 жыл УКМКнын тергөө абагында отуруп, 2 жыл мурун №27-колонияга которулган.